«Кыргызсериал» мекемеси сериалдарды тартууга сынак жарыялады

15:40, 07 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси тик форматтагы сериалдарды тартуу боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак социалдык тармактар жана санарип платформалар үчүн кыска, динамикалуу жана заманбап сериалдарды жаратуу максатын көздөйт. Ошондой эле бул демилге жаш режиссёр, сценарист жана продюсерлерди колдоого багытталган.

Сынактын шарттары:

  • Сериалдар тик форматта (9:16) тартылышы керек
  • Ар бир сериянын узактыгы: 2–5 мүнөт
  • Жалпы саны: кеминде 30 серия
  • Тили: кыргыз тили
  • Идея: оригиналдуу жана актуалдуу болушу зарыл

Тематика жана мазмун:

  • Сынакка маданий жана социалдык мааниге ээ долбоорлор кабыл алынат. Алар төмөнкү багыттарды камтышы зарыл:
  • китепкана, театр, музейлерге кызыгууну арттыруу
  • улуттук тилди сактоо жана жайылтуу
  • кыргыз тилинин коомдогу колдонулушун күчөтүү
  • салт-санаа жана улуттук майрамдардын маанисин чагылдыруу

Сынакка юридикалык жактар (жеке студиялар) катыша алышат. Ар бир катышуучу бир гана долбоор сунуштай алат.

Талап кылынган материалдар:

  • долбоордун синопсиси
  • каармандардын сүрөттөлүшү
  • пилоттук сериянын сценарийи же сценарийдик сунуш
  • визуалдык концепция (эгер бар болсо)
  • авторлор тууралуу кыскача маалымат.

Белгиленгендей, документтерди кабыл алуу мөөнөтү 30-апрелде аяктайт.

Өтүнмөлөрдү kyrgyzserialredakcia@gmail.com дарегине жөнөтүү керек.

Байланыш телефондору: 0312 54 57 53, 0705 49 67 49, 0706 88 08 78.