15:22, 07 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Акыркы эки жылда мамлекетке 5 миллиард сомдук 115 социалдык объект кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин Сот-укуктук иштер, мыйзамдуулук жана тартип, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын маалыматына караганда, бул фактылар боюнча 690 прокурордук акт түзүлүп, натыйжасында 51 кылмыш иши козголуп, сотко 180 доо арыз берилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 282 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Мамлекеттин пайдасына 23 млрд 673 млн сомдук зыян калыбына келтирилген. Негизги көңүл социалдык маанидеги объекттердин мыйзамсыз менчиктештирилишине багытталган.
Ал эми 2023-жылга чейин прокуратура органдары 11 жыл ичинде 143 социалдык объектти жалпы суммасы 1 млрд 170 млн сомго мамлекеттик баланска кайтарган. Соңку эки жылда бул көрсөткүч 115 объектти түзүп, суммасы 5 млрд сомдон ашты. Азыркы учурда соттордо дагы 93 объект боюнча иштер каралып жаткандыгын айтты
Ошондой эле мамлекеттин менчигине 72 социалдык инфраструктура объектиси жер тилкелери менен бирге кайтарылган.
Анын ичинде:
Алардын жалпы аянты 36 209 чарчы метрди түзөт.