Таш-Көмүр шаарына жаңы мэр дайындалды

14:34, 07 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Келсинбек Бектемиров Таш-Көмүр шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Орозбаев Эрк Нарынбекович Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп дайындалды.

Фото Интернеттен алынды. Орозбаев Эрк

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Бектемировдун кызматтан алынышынын себептери расмий түрдө такталган жок. Ал 2022-жылдан бери мэр болуп иштеп келген.