Урук чачуу мезгилинде балык уулоого убактылуу тыюу салынды
12:21, 07 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти өлкө боюнча балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салды.
Ага ылайык, Ысык-Көлдө:
- Ысык-Көл чабагына — 2026-жылдын 1-апрелден 15-майга чейин электрондук балык уулоо билети убактылуу токтотулат;
- Майда балыктарга — 2026-жылдын 1-майынан 1-июлуна чейин;
- Каңылтыр балыгына — 2026-жылдын 15-майынан 15-июлуна чейин.
Республиканын суу объектилеринде:
- Ири бөлүкчө балыктарга — 2026-жылдын 5-майынан 20-июнуна чейин;
- Майда бөлүкчө балыктарга — 2026-жылдын 15-апрелден 5-июнга чейин;
- Дарыя маринкасына — 2026-жылдын 15-майдан 1-июлга чейин.
Ошондой эле дарыялардагы баалуу балыктарга:
- Османга — 2026-жылдын 1-июнунан 15-июлуна чейин;
- Амударыя форелине — 2026-жылдын 15-октябрынан 15-декабрга чейин;
- Ысык-Көл форелине — 2026-жылдын 1-октябрдан 15-декабрга чейин тыюу салынды.