Доор мурасы: Москвада Семён Чуйковго арналган көргөзмө өтөт

08:27, 07 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 7-апрелде Москва шаарындагы Мамлекеттик Третьяков галереясынын Кадашевская жээктеги корпусунда көрүнүктүү сүрөтчү Семён Афанасьевич Чуйковке арналган «Доор мурасы. Семён Чуйков» аттуу көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Көргөзмө РОСИЗО мамлекеттик музей-көргөзмө борбору менен Третьяков галереясынын биргелешкен долбоору болуп саналат жана сүрөтчүнүн бай чыгармачылык мурасын кеңири таанытууну максат кылат.

Көргөзмөдө сүрөтчүнүн ар кыл мезгилдердеги чыгармалары сунушталып, анын эң белгилүү эмгектеринин бири — «Советтик Кыргызстандын кызы» да көрсөтүлөт. Ошондой эле «Кыргыз колхоз сюитасы» сериясынан тандалган эмгектер экспозициянын өзөгүн түзөт.

Мындан тышкары, экспозиция Чуйковдун түздөн-түз катышуусу менен топтолгон коллекциялар менен толукталат. Алардын ичинде белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары жана анын ысымын алып жүргөн окуу жайдын бүтүрүүчү жаш сүрөтчүлөрүнүн эмгектери бар.

Бул көргөзмө — көрүүчүлөр үчүн Семён Чуйковдун чыгармачылык дүйнөсүнө жаңыча көз караш менен баа берүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле кыргыз жана совет көркөм өнөрүнүн тарыхый мурасын тереңирээк түшүнүүгө шарт түзгөн маанилүү маданий окуя.