Азия чемпионаты: Жарым финалга кимдер чыкты?

15:24, 06 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарындагы «Жаштык» арена спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тандоо этаптарындагы кармаштардын жыйынтыгына ылайык эми Кыргызстандын курама командасынын төрт балбаны финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

Алар:

Улан Муратбек уулу (55 кг чейинки салмак категориясы);

Афтандил Таалайбеков (63 кг чейин);

Акжол Махмудов (77 кг чейин);

Асан Жанышов (87 кг чейин).

Жарым финалдык беттештер бүгүн саат 18:00дө башталат.