Бишкекте казак акыны Шалкарбай Избасаровдун чыгармачылык кечеси өтөт

08:30, 06 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

16-апрелде Кыргыз улуттук «Манас» театрында Казакстандын белгилүү айтышкер акыны, Атырау облустук «Тил» окутуу борборунун башчысы, Казакстан Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Шалкарбай Избасаровдун «Айылдан Ала-Тоого чейин...» аталышындагы чыгармачылык кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Иш-чаранын алкагында акындын «Шыктандырган чактар» аттуу эки томдук айтыштар жыйнагынын бет ачары да уюштурулат. Китепте автордун чыгармачылык жолу, айтыш өнөрүндөгү орду жана эл арасында кеңири таанылган чыгармалары камтылган.

Кечеде акындын чыгармачылыгы тууралуу кеңири баяндалып, айтыш өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү жана анын бүгүнкү күндөгү орду талкууланат. Ошондой эле маданият өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана көрүүчүлөр үчүн мазмундуу маданий программа сунушталат.