Жогорку Кеңеште жарандар үчүн заманбап коомдук кабылдама ачылат

08:00, 06 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште жарандарды кабыл алуу максатында жасалып жаткан коомдук кабылдама менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдук кабылдамада акылдуу интеллект менен иш алып барган заманбап технологиялар жайгаштырылып, жарандарды кабыл алуу иши толугу менен санариптешет. Ошону менен бирге балалуу энелерге да ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. ЖКда жарандар үчүн заманбап коомдук кабылдама ачылат
"Жасалма интеллект менен коштолгон санариптик технологиялар жарандарды сапаттуу тейлөөгө кызмат кылып, баарлашуу жана кат алмашуу процессин ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Тагыраагы, пилоттук негизде бардык процесс санариптешип, документ жүгүртүү иши толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт. Ошондой эле жарандардын кайрылуулары аудио түрүндө да кабыл алынып, жасалма интеллект аркылуу автоматтык түрдө тексттик форматка айландырылат«,— деди Марлен Маматалиев.

Коомдук кабылдаманын көрүп чыккандан соң Төрага жарандарды кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту.

Жарандар тарабынан жеке мүнөздөгү маселелер, ар кандай социалдык жагдайлар айтылып, айрыкча саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлдү.

Төрага айтылган бардык маселе көңүл сыртында калбай тургандыгын билдирип, ар бири боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.

«Парламент эл менен бийликти байланыштарган башкы өкүлчүлүктүү орган. Биздин башкы максатыбыз мыйзам чыгаруу менен катар калктын көйгөйүн көтөрүп, алардын чечилишине ар тараптан көмөк көрсөтүү. Андыктан айтылган маселелерге тийиштүү мамлекеттик органдардын көңүлүн буруп, зарыл болгон учурда мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү ыкчам түрдө киргизебиз», — деди Марлен Маматалиев.