Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат

00:37, 06 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат. Турнир континенттин эң күчтүү спортчуларынын башын бириктирип,  12-апрелге чейин «Жаштык Арена» спорт комплексинде өтөт.

Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.

Фото
Чемпиондуктун программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша бөлүштүрүлгөн:
  • 6-8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт;
  • 8-10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот;
  • 10-12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.

Кыргызстандын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.