17:15, 03 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 4-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26
Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22
Бишкек шаарында түнкүсүн 12...14°, күндүз 23...25° болот.