Боом капчыгайы кайрадан жабылат: Бишкек-Нарын жолунда таштар түшүрүлөт

15:54, 03 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

6-апрелден 10-апрелге чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат.

Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Ишкана жарандарды сапарга чыгарда алдын ала пландоону суранат.