11:42, 03 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
8-апрелде А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада жазуучу, прозаик жана сатирик Касым Каимовдун 100 жылдыгына арналган адабий эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, китепкананын фойесинде Касым Каимовдун уулу — белгилүү сүрөтчү, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Нурдин Каимовдун атасына арнаган сүрөт көргөзмөсү, ал эми 3-кабаттагы Чыңгыз Айтматов залында эскерүү иш-чарасы өтөт.