11:41, 03 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда балдарды мектепке электрондук каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-апрель саат 10:00дөн 3-апрелге чейинки аралыкта «Мектеп» (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска дээрлик 28 908 бала катталган.
Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
Быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.
Белгилей кетсек, 1-апрелден тартып өлкө аймагында балдарды мектепке электрондук каттоо башталган. Биринчи этапта ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.