Бишкекте салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды

11:31, 03 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Салттуу кол өнөрчүлүк борборунун расмий ачылыш аземи Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде өттү.

Бул борбор Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы «Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүктү өндүрүү жана санариптик маркетинг үчүн мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүү аркылуу маданий туризм индустриясын өнүктүрүү» (2023–2026) аттуу расмий өнүктүрүү долбоорунун алкагында ачылды.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы. Салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ катышып, долбоордун маанисин жана эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.

Долбоордун алкагында өлкө боюнча Ысык-Көл, Нарын жана Бишкек шаарларында үч ушундай борбор түзүлүүдө. Борборлордун негизги максаты — салттуу кол өнөрчүлүктү кеңири жайылтуу, аны жаңылоо жана анын коомдогу ордун бекемдөө болуп саналат.

Аземде Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде борбор боюнча экскурсия уюштурулуп, «Текстиль. Убакытты байланыштырган жип» жана «Уя. Көчмөн салттардан XXI кылымдагы модернизмге чейин» — эки тематикалык көргөзмө сунушталды.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында «Хан-Базар» аттуу кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси уюштурулуп, жергиликтүү усталардын эмгектери коомчулукка сунушталды.