Нарында үч адам баңгизат менен кармалды: кылмыш иши козголду

10:38, 03 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Нарын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча ишти аныкташты.

Мекеменин маалыматына ылайык, 1-апрелде ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө үч шектүү аныкталды. Алардын унаасын тинтүү учурунда баңгизат табылып, 1987, 1974 жана 1973-жылдары туулган жарандар Нарын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси «Таратуу максатын көздөбөстөн баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо» боюнча кылмыш иши козголду.

Соттук-медициналык-химиялык экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.

Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамды сактоого жана баңгизатка байланыштуу кылмыштардан алыс болууга чакырат.