10:05, 03 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда балык уулоо боюнча жаңы эрежелер расмий түрдө күчүнө кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, балык уулоого уруксат берүүчү билеттердин мөөнөтү 1, 2 же 3 күн болуп белгиленди.
Ошондой эле айрым жарандарга акысыз балык уулоого уруксат берилет:
Бирок бардык категория үчүн суткалык кармоо чеги 2,5 килограммдан ашпоого тийиш.
Жаңы эрежелер балык ресурстарын сактоо жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.