08:30, 03 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
3-4-апрель күндөрү Бишкек шаарына Усть-Каменогорск шаарындагы Чыгыш Казакстан облустук драма жана оперетта театры гастролу башталат. Бул тууралуу Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры билдирди.
Маалыматка ылайык, казак актерлору аталган театрдын сахнасында үч спектаклин тартуулашат.
Билеттерди театрдын кассасынан жана расмий сайтынан сатып алууга болот.
Дареги: К.Тыныстанова көчөсү, 122.