15:05, 02 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттери менен биргеликте Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.
Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Вице-президенттеринин экинчи жыйынын алкагында өттү.
Жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Түрк мамлекеттер уюмунун Өкмөт башчыларынын экинчи жыйынынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.
Ошондой эле ал, Кыргызстан Азербайжан менен бир туугандыкка жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди жогору баалай турганын билдирди.
«Бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрүбүздүн Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон умтулуусун тастыктап жатканын канааттануу менен белгилейм» — деген ал, соода, транспорт жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор мындан ары да эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.