13:20, 02 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев борбордук аппаратка жана кызматкерлерге жаңы орун басарлары Алмазбек Асанов менен Нурбек Жумалиевди тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Өмүр баяны: Асанов Алмазбек Аскерович
Асанов Алмазбек Аскерович 1979-жылы 28-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Эски-Ноокат айылында туулган.
Билими: 2002-жылы Россиянын Тамбов шаарындагы Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча аскердик университетин, 2010-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясын аяктаган.
Эмгек жолу: 2003-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар кандай түзүмдөрүндө кызмат өтөп келген.
Өмүр баяны: Жумалиев Нурбек Алмазбекович
Жумалиев Нурбек Алмазбекович 1973-жылдын 25-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында туулган.
Билими: 1996-жылы Кыргыз агрардык академиясынын Гидромелиорация факультетин аяктаган.
Эмгек жолу: Эмгек жолун 1998-жылы Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын инженери кызматынан баштаган. Өзүнүн адистиги боюнча бир катар кызматтарда эмгектенип, 2007-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар түрдүү түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн.