1-класска электрондук каттоо: Учурда 15 миңден ашык бала катталды

11:13, 02 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

1-апрелден тарта Кыргызстанда балдарды мектепке электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоонун биринчи этабы саат 10:00дө башталган. Саат 17:30га карата өлкө боюнча 15 миң 626 бала мектепке катталды.

  • Бишкек шаарында — 4 478;
  • Ош облусунда — 2 630;
  • Жалал-Абад облусунда — 2 505;
  • Баткен облусунда — 1 641;
  • Чүй облусунда — 1 582;
  • Ысык-Көл облусунда — 1 104;
  • Нарын облусунда — 641;
  • Талас облусунда — 535;
  • Ош шаарында — 510.

Министрликтен белгилешкендей, биринчи этапта ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Эске салсак, быйыл 1-класска 2017, 2018-жылдары (6-7 жаш) төрөлгөн балдар кабыл алынат.