10:33, 02 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында коомдук транспорттун айдоочулары жүргүнчүлөрдү жаңы бирдиктүү формада тейлей башташты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү тапшырманы Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев берген.
Бирдиктүү дресс-кодду киргизүү жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатууга жана транспорт кызматкерлеринин тартибин бекемдөөгө багытталган.