Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт

09:00, 02 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 2-апрелде Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

  • Ала-Арча суусу — темир жол линиясы — Жибек-Жолу проспекти — Ж.Гвардия бульвары;
  • Ж.Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспекти;
  • Дэн Сяопин проспекти — Ала-Арча суусу — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Пишпек көчөсү — Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.

Суу «Запад-2» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчөт.

«Бишкексууканал» ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.