13:10, 01 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Депутат акысыз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу мөөнөтүн узартууну суранды. Бул тууралуу Улан Бакасов бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү Нарын облусунун, тактап айтканда, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун тургундары ага кайрылганын айтты.
«Бир катар объективдүү себептерден улам, жарандар өкмөттүн акысыз айдоочулук күбөлүктү жаңыртуу программасынан пайдалана алышкан жок. Алар күбөлүктү алмаштырууну бир айга узартууну суранышууда», — деп кошумчалады Бакасов.
Эске салсак, айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу иши 2026-жылдын 1-апрелине чейин жүгүзүлдү.