Мурдагы депутат Кундузбек Сулайманов УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды

12:30, 01 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү иш-аракеттеринин алкагында Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун даярдык этабында мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. (Кундузбек Сулайманов) жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Фото УКМК басма сөз кызматы. Кундузбек Сулайманов кармалды

Иш материалдарына ылайык, С.К.К. кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын лоббирлөө аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган. Буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан «НарынГЭС» ААКсы жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Учурда УКМК кармалган адамдардын башка укук бузууларга катыштыгын аныктоо, ушуга окшош фактыларды табуу, ошондой эле энергетика тармагындагы айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.