Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн бир адам каза болду

10:05, 01 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында өрттөн 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Прядильная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 00:31де түшкөн.

Ош шаардык башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 03:08де толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен 1957-жылы туулган эркек киши каза болгон.

Өрттүн себеби иликтенүүдө.