17:02, 31 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-2-апрель күндөрү иш сапары менен Азербайжанга барат.
Иш сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын экинчи жыйынына катышат.
Ошондой эле ал Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушат.