16:23, 31 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында Алтымышев көчөсүнүн боюндагы Ала-Арча дарыясынын жээгин мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Мэриядан билдиришкендей, бул иш-чара өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында дарыя нугун тазалоочу атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылууга багытталган.
Жыйынтыгында 1420 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 5 жаранга жалпы суммасы 150 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан Алтымышев көчөсү, 124 дарегинде жайгашкан СПА-салондун жер тилкесин бошотуу маселеси боюнча архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгына расмий кат жөнөтүлдү. Бул объекттин мамлекеттик актысы бар экендигине байланыштуу иш мыйзам алкагында каралууда.