Чүй облусунун Москва районунун акими алмашты

12:06, 31 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Москва районунун акими Ниязбек Козуевди  кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Фото Интернеттен алынды. Ниязбек Козуев
Анын ордуна Ильяз Ташбаев дайындалды. Ал буга чейин Ош облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.

Фото Интернеттен алынды. Ильяз Ташбаев