11:30, 31 марта 2026, Бишкек - 24.kg
2026-жылдын курулуш мезгилинде Бишкек—Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт. Тактап айтканда, «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагында 130—146-чакырымдар (16 км ) аралыгындагы эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, аталган парапеттер Бишкек—Ош автожолу реконструкцияланган убактан бери, дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери алмаштырылган эмес.