08:30, 31 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Мамлекеттик салык кызматы 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү экенин эскертет.
Мекемеден билдиришкендей, белгиленген мөөнөткө чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга тийиш:
Ошондой эле жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын 1-майга чейин тапшырууга тийиш.
Салык декларациясы Cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө берилет.
Белгилей кетсек, декларацияда кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк объектилери, жер тилкелери, ошондой эле отчеттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктык милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлүшү керек.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.