FIFA рейтингинде Кыргызстан 108-орунду ээледи

07:45, 31 марта 2026, Бишкек - 24.kg

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 108-орунга түшүп калды. Рейтингдин жаңыланган версиясы уюмдун сайтында жарыяланды.

Команда учурда 108-орунда турат.

Эскерте кетсек, команда Түркияда эки жолдоштук беттеш өткөргөн. Алгач биздин оюнчулар Экватордук Гвинеяга 0:1 эсебинде, андан кийин Мадагаскарга 2:5 эсебинде утулуп калышкан.

Январь айындагы рейтингде Кыргызстан курама командасы 103-орунда болгон.