Ысык-Көлдө 75 миллион сомдук санаторий жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

16:05, 30 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 75 миллион сомдон ашык социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 1993-жылы 2 га жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу «Алтын-Булак» санаторийи, ошондой эле 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы жалпы 0,51 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Фото Башкы прокуратура. Ысык-Көлдө 75 млн сомдук санаторий жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, базар баасы 71,6 млн сомду түзгөн санаторий жана 3,43 млн сомду түзгөн 0,51 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды