14:12, 30 марта 2026, Бишкек - 24.kg
«Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүндө өлкөнүн келечеги билим жана илимге умтулган жаштардын колунда экенин белгилеп, олимпиада жеңүүчүлөрүн куттуктады.
Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева билим таймашында ийгиликке жетишкен окуучулардын талыкпас эмгеги, тынымсыз изденүүсү жана максатка умтулуусу өз жемишин бергенин баса белгиледи.
«Быйыл өлкө боюнча республикалык олимпиадага жалпы 24 миң окуучу катышты. Алардын ичинен эң мыктылары тандалып, 322 окуучу финалдык баскычка жетти. Бул жерде тургандардын баары сиздер мыкты жана таланттуу окуучуларсыздар. Ар бир катышуучу — жеңиштин ээси деп эсептейм. Сиздер эл аралык олимпиадаларда да жеңишке жетишип, Кыргызстандын желегин бийик көтөрөсүздөр деп ишенем». — деп билдирди министр.
Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева окучуларды даярдаган мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, президенттин колдоосу менен бардык мугалимдердин айлык маяналары жогорулатуу алдында турганын айтты.
Белгилей кетсек, республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу IV этабы 27—28-март күндөрү Ч. Айтматов атындагы Бишкек «Айчүрөк» лицейи жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети базасында өткөрүлдү. Ага өлкө боюнча олимпиаданын III (облустук) этабында жеңишке жетишкен мамлекеттик жана жеке менчик мектептерден 322 окуучу 17 предмет боюнча катышты.
Жалпы жыйынтык:
Командалык эсепте: