Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган жаңы Гуанчжоу-Бишкек аба каттамы ачылды

10:36, 30 марта 2026, Бишкек - 24.kg

China Southern Airlines компаниясы «Гуанчжоу-Бишкек-Гуанчжоу» жаңы эл аралык аба каттамын ишке киргизди. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» мамлекеттик ишканасынан басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи каттам «Манас» аэропортуна 134 жүргүнчү менен келип, 104 жүргүнчү Гуанчжоуга кайра учуп кетти. Бул боюнча каттамдар жумасына эки жолу, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

«Кыргызстан аэропорттору» ААК
Жаңы каттамдын ачылышы — бул Кыргызстандын аэропортторунун командасынын системалуу ишинин жана координацияланган аракетинин, ошондой эле кытайлык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуусунун натыйжасында ишке ашты.

Бул каттамдын ачылышы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого жардам берет деп күтүлүүдө.

«Бул каттамдын ачылышы — Кыргызстандын аба каттам тармагын кеңейтүү жана эл аралык байланышын чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Биз бул каттамдын жүргүнчүлөрдү ташуу жагынан да, жүк ташууларды өнүктүрүү жагынан да чоң потенциалын көрүп турабыз», — деп белгиледи Кыргызстан аэропортторунун коммерция боюнча директору Аман Мамаев.

China Southern Airlines авиакомпаниясы буга чейин эле жумасына алты күн Бишкектен Бээжинге аба каттамдарды аткарып келет. «Кыргызстан аэропорттору» ААК учуу тармагын андан ары кеңейтүүнү, жаңы авиакомпанияларды тартууну жана жүргүнчүлөр жана өнөктөштөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү пландаштырууда.