15:23, 27 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Жыл сайын өтүүчү финансылык сабаттуулук боюнча «Дүйнөлүк акча жумалыгы −2026» аттуу маалымат жана билим берүү кампаниясы 30-марттан 3-апрелге чейин Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара «Акчаны акыл менен башкар — үйүңдө береке болсун» деген ураан алдында өлкөнүн бардык аймактарын өзүнө камтып, жаштардын финансылык билимин жогорулатууга басым жасалат.
Иш-чара финансы-кредиттик уюмдар, мамлекеттик органдар, ошондой эле эл аралык жана коомдук институттар менен биргеликте өткөрүлөт. Анын алкагында, коммерциялык банктарга экскурсиялар, билим берүүчү лекциялар, интерактивдүү жолугушуулар, сынактар жана башка тематикалык иш-чаралар уюштурулат.
Global Money Week — бул дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүндө өткөрүлүп келген жыл сайынкы эл аралык демилге болуп, балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат.