PWL 11: Акжол Махмудов жапониялык балбан Кусака менен үчүнчү жолу беттешет

13:05, 27 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 27-мартта Ташкент шаарында өтө турган PWL 11 турниринде кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен жапониялык Олимпиада чемпиону Нао Кусака кайрадан килемге чыгат.

Бул эки спортчу буга чейин эки ирет беттешкен.

Алгач дүйнө чемпионатында Махмудов утса, кийин Азия чемпионатында Кусака реванш алган.

Учурда алардын эсеби 1:1, ал эми жалпы упайлар да тең — 9:9.

Бул жолку беттеш алардын ортосундагы чечүүчү таймаш болот.