11:05, 27 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров бюджеттик тармактагы кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 1-апрелден тартып президенттик компенсациялык төлөм киргизилип, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык тармактагы кызматкерлерге 15 миң сомго чейин кошумча берилет.
Ал эми техникалык жана тейлөөчү кызматкерлерге 5 миң сом каралган.
Ошондой эле, 1-сентябрдан тартып айрым мамлекеттик кызматкерлердин маянасына кошумча үстөктөр 50%га чейин көбөйтүлөт.
Министрлер кабинетине бул чечимди ишке ашыруу жана бюджетке өзгөртүү киргизүү тапшырылды.