10:05, 27 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте УКМКнын жалган кызматкери катары тааныштырган адам кармалды. Атайын кызматтан маалыматы боюнча, Азербайжандын жараны А.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жарандардын ишенимине киргендиги аныкталган. Ал СИЗО-1де камакта жаткан адамды «актап берем» деп, алдоо жолу менен 24 миң 100 доллар жана 100 миң сомун ээлеп алган.
Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
УКМК аталган А. С. аттуу жарандын аракеттеринен жабыркаган башка жарандар болсо, Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө