Бүгүн Эл аралык театр күнү

09:00, 27 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 27-март Эл аралык театр күнү. 1961-жылы Венада өткөн ЮНЕСКОнун Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде 27-мартты эл аралык театр күнү катары белгилөө бекитилген. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү көптөгөн театрлар, анын ичинде Кыргызстандагы театрлар 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет.

Учурда Кыргызстанда 20дан ашуун профессионалдык театр бар

Театр — көңүл ачуунун байыркы ыкмасына кирет. Эң алгачкы профессионалдуу театр байыркы Грецияда пайда болгон. Ал мезгилдеги театрлар абдан чоң масштабдуу болуп, ага жалаң байлар гана келе алышкан. Артисттер ойногон ролуна ушунчалык берилишкендиктен, керек болсо сахнада өлүүгө кайыл болушкан.