Адылбек Касымалиев Шымкентке ЕАЭБ жана санариптик форумга катышууга барды

16:15, 26 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Казакстанга барды. Өкмөт башчынын учагы Чымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министринин орун басары — жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле «Digital Qazaqstan — 2026» (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышат.