Алыш күрөшү боюнча эл аралык турнирге 8 өлкөнүн балбандары катышууда

15:48, 26 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 26-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при турнири башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнир Алыш эл аралык федерациясынын негиздөөчүсү, белгилүү коомдук ишмер Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги. Алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир башталды
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Индия жана Нидерланд мамлекеттеринен келген 150 балбан күч сынашууда.

Ачылыш аземге Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү, ошондой эле Баяман Эркинбаевдин жакындары катышты.