Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукана мамлекетке кайтарылды

15:16, 26 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Сокулук районунда райондук оорукананын аймагындагы имаратты мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук ооруканасынын аймагындагы 226 чарчы метр жер тилкесиндеги имарат мыйзамсыз сатылганын аныктады. Бул мүлк 2007-2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан талаптарды бузуу менен жеке менчикке берилип кеткен.

Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Мыйзамсыз менчиктештирилген 5,8 млн сомдук оорукана мамлекетке кайтарылды.
Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында прокурордук акт келтирилип, натыйжада баасы 5 млн 802 миң 307 сомду түзгөн имарат жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттик менчикке кайтарылып, Сокулук райондук ооруканасына бекитилип берилди.