14:30, 26 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылынын № 7 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Аида Жаңыбаева «КМШдагы мыкты педагог» эл аралык сынагында биринчи даражадагы дипломго ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ага биринчи орундагы диплом ыйгарылган. Сынактын финалдык туру 24-мартта Астанада өттү.
Эл аралык сынакка Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдору катышты.
Министрлик Аида Сталбековнаны жетишкендиги менен куттуктап, андан аркы ийгиликтерди каалады.