12:19, 26 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда балдарды 1-класска электрондук каттоо 1-апрелде башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» санариптик технологиялык системасы жөнүндө жобосунда айтылат.
Маалыматка ылайык, балдарды 1-класска электрондук каттоо эки этап менен жүргүзүлөт:
Биринчи этап — 1-апрелинде саат 10:00дөн тартып жүргүзүлөт:
жашаган жери боюнча тиешелүү жалпы билим берүү уюмунун микроучастогунда каттоосу (пропискасы) бар балдарды кабыл алуу;
Экинчи этап — 1-июнда саат 10:00дөн тартып башталат:
жашаган жери боюнча микроучастокто каттоосу жок балдарды, тандалган жалпы билим берүү уюмунуна бош орундар болгон учурда.
2026-2027-окуу жылына 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар биринчи класска кабыл алынат.
8 жаштан улуу балдар же баланын же ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн ким экендигин тастыктаган документтери жок балдар мектепке балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен кабыл алынат.
Жободо белгиленгендей, балдарды 1-класска кабыл алууда КР мыйзамдарына ылайык ар кандай окутуу сабактары боюнча балдардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү (тесттерди, экзамендерди, сынактарды, аңгемелешүүлөрдү) жүргүзүүгө тыюу салынат.