08:30, 26 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегацияны жетектеп, Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төраганы депутаттар Талант Мамытов, Гүлнара Баатырова, Гуля Кожокулова, Гульнара Акимбаева, Жумабек Салымбеков, Айгуль Ахмедова, Жылдыз Эгенбердиева ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов менен «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская коштоп барышты.
Алгач Төрага Москва шаарында жайгашкан В.Ф. Орлов атындагы «Марьина Роща» мектебинде болуп, расмий делегацияга эмгек мигранттарынын балдарын жалпы билим берүү класстарына кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби тууралуу маалымат берилди.
«Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин балдары үчүн билим алууга жеткиликтүүлүк маселеси биз үчүн абдан маанилүү. Тестирлөөнүн шарттары түшүнүктүү, адилеттүү болуп, башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрү эске алынышы кажет», - деди Төрага Марлен Маматалиев.
Андан соң Кыргыз Республикасынын көргөзмө-соода борборунда (ВДНХ) Төрага Марлен Маматалиев делегация мүчөлөрү менен бирге кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эмгек мигранттары менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө мекендештерди тынчсыздандырган актуалдуу маселелер көтөрүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.
«Мамлекет кайсы жерде болбосун өз жарандары менен дайыма бирге. Бүгүн көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлгө алынып, аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге керектүү иштерди алып барабыз», - деди Марлен Маматалиев.
Расмий сапардын экинчи күнү жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар менен уланып, анын ичинен Төрага Марлен Маматалиев Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.