08:00, 26 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Элдик бий» номинациясынын биринчи туру өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ар улуттун маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган көркөм жана мазмундуу бийлерди тартуулап, жогорку деңгээлдеги хореографиялык даярдыгын көрсөтүштү. Калыстар тобу аткаруучулардын сахна маданиятын, техникалык чеберчилигин жана чыгармачылык деңгээлин жогору баалады.
«Элдик бий» номинациясынын экинчи туру бүгүн, 26-мартта өтөт. Анда катышуучулар финалга чыгуу үчүн жаңы номерлерди сунушташат.
Бул номинация Дельфий оюндарынын эң масштабдуу бөлүктөрүнүн бири болуп, быйыл ага 376 катышуучу катышып, көрөрмандар менен адистердин чоң кызыгуусун жаратты.
Иш-чара 23-марттан 28-мартка чейин созулат.