17:08, 25 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев үч эм төрөгөн энеге акчалай жардам көрсөтүп, 100 миң сом тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-февралда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын тургуну Мавлюда Бердигулова үч эмди жарык дүйнөгө алып келген.
Ымыркайларга Аиша, Айчырай жана Адинай деген ысымдар берилген.
Дарыгерлер алардын абалы жакшы экенин айтышты.