14:05, 25 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргыз Эл артиси Абдыкалык Акматов менен коштошуу зыйнаты эртең, 26-мартта саат 11: 00до өзү өмүрүн арнаган Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Жарым кылымдан ашуун театр сахнасы менен экрандан түшпөй келе жаткан актер Абдыкалык Акматов көптөн бери оор илдет менен алышып келген.
Өткөн аптада Садыр Жапаров маданиятты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Акматовго Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамын ыйгарган.