11:35, 25 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Айбек Тойчубеков Ош өзбек театрына көркөм жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Тойчубеков Алайбек Жанибекович 2026-жылдын 19-мартынан тартып Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна эмгек келишиминин негизинде, 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Алайбек Тойчубеков — белгилүү кино жана театр ишмери.
Ал 1971-жылы 9-майда Ош облусунун Алай районунун Мурдаш айылында төрөлгөн. 1993-жылы Москва шаарындагы М.С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын аяктагандан кийин эмгек жолун К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында артист катары баштаган.
Кийинчерээк Москва шаарында режиссёр С. Соловьевдин жогорку режиссура курсунда билим алып, ошондой эле М.С. Щепкин атындагы окуу жайда кыргыз труппасынын профессору Д.Г. Козновдун жардамчы мугалими болуп иштеген.
2020-жылга чейин Москва шаарында Кыргыз Республикасынын элчилиги жана кыргыз диаспорасы менен биргеликте маданий иш-чараларды жана театрлык коюуларды уюштурууга активдүү катышкан. 2021—2025-жылдары аталган окуу жайдын кыргыз студиясында куратор-окутуучу болуп эмгектенген.
Мындан тышкары, 2023-жылы актёрдук чеберчилик жана педагогика багыты боюнча магистратураны аяктаган.
Учурда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында артист жана сүйлөө чеберчилиги боюнча адис катары иш алып барып келет.