08:35, 25 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Былтыр Кыргызстанда жөө жүргүнчүнү сүзгөн 2853 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр жол кырсыктарынын айынан 284 адам каза болуп, 2829 жаран жаракат алган.
Ал эми жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсү менен 342 жол кырсыгы катталып, 46 киши көз жумуп, дагы 311 жаран жаракат алган.
Буга байланыштуу ЖКККББ бардык айдоочуларды жоопкерчиликтүү болуу менен жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Жол эрежелерин так сактоо — адам өмүрүн сактоо экенин унутпаңыз! Ар бир жол кырсыгы — кайгы, жоготуу жана орду толгус өкүнүч.